Парламентте Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берүү сунушталды

Парламентте Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берүү сунушталды. Демилгечилердин пикиринде Япониядан ташылган унаалардын техникалык көрсөткүчтөрү башка мамлекеттерден келген сол рулдуу машинелерден кыйла жакшыраак.   Андан тышкары, оң рулдуу унааларды киргизүү менен өлкөнүн автопаркын жаңылап, экологияны жакшыртууга шарт түзүлөт.   Болгону бир шарт киргизүү керек… Кененирээк…

Өлкө ичинде поезд каттамдарынын жол акысы 1 сомго өстү

Өлкө ичинде поезддердеги жол кире 1 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришет. Ишкананын маалыматына караганда, жол киренин өсүшү Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу.   Тактап айтканда, 22-февралдан баштап сатуудан алынуучу салык 2 пайыздан 3 пайызга чейин жогорулатылды. Буга байланыштуу жол кире 1 сомго… Кененирээк…

Лыжачы Гордеев Олимпиададагы оюндарын жыйынтыктады

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Бээжиндеги Олимп оюндарында лыжа тебүүнүн слалом дисциплинасында күчүн сынады. Ал катышкан эркектер арасында лыжа тебүү спортунан жалпы 88 лыжачы күчүн сынаган. Кыргызстандык спортчу 81-номерде катышып, биринчи аракетинде кулап, марага жетпей калган. Жалпысынан 31 спортчу биринчи аракетте финишке жете алган эмес. Максим Гордеев 26… Кененирээк…

Алмазбек Бейшеналиевдин билим берүү министрине талапкерлиги жактырылды

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитети  Алмазбек Бейшеналиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин жактырды. Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев өткөн жылдын жай айларында Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси болуп дайындалган.

Кыргызстанда жалпы республикалык тест болжолдуу түрдө 23-майдан 28ине чейин өтөт

Кыргызстанда жалпы республикалык тест болжолдуу түрдө 23-майдан 28ине чейин өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча 120га жакын тест борбору ачылат. Бирок абитуриенттин паспорту жок болсо, ЖРТга каттала албайт. Сөзсүз тест өтө турган күнгө чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, каалоочулар онлайн же салттуу негизде каттала алышат. Ал 6-апрелге чейин созулат. Белгилеп кетсек, ЖРТнын жыйнытыгы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн керек. Мындай талап 2012-жылдан тартып күчүндө.

Максим Гордеев Олимпиада оюндарына катышууну жыйынтыктады

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Пекиндеги Олимпиада оюндарында лыжа тебүүнүн слалом дисциплинасында күчүн сынады. Максим Гордеев катышкан эркектер арасында лыжа тебүү спортунан жалпы 88 лыжачы күчүн сынаган. Ал эми кыргызстандык спортчу 81 номерде катышып, биринчи аракетинде кулап, маарага жетпей калган. Эскерте кетсек, Пекин Олимпиадасына Кыргызстандын атынан… Кененирээк…

Эдил Байсалов БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасы болуп шайланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасы болуп шайланды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Европа экономикалык комиссиясынын аткаруу комитетинин 120-кеңешмесинин катышуучулары Байсаловдун талапкерлигин жактырган. Иш-чара 2022-жылдын 6-7-апрелинде Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) өтөт. Форумдун жыйынтыгы боюнча отчёт даярдалышы күтүлүүдө. Бул… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,5 миллиард кубка түштү

Бүгүн, 16-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 539 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 144 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 556 куб метрге жетүүдө.

Каракол — Эңилчек унаа жолу кыймылга ачылды

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 80-81-чакырымында 14-февраль күнү саат 12:00дөр чамасында көлөмү болжол 6000 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкүдөн жабыркагандар катталган жок. Тартылган техникалардын жардамында 14-февраль күнү саат 17:00дө унаа жолу бир тараптуу ачылып, 15-февраль күнү саат 16:00дө… Кененирээк…