Украинадагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо уланууда

Соңку эки күндө  Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин жардамы менен бул өлкөдөн дагы 80 кыргыз жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу 7-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда,

 

5-мартта Львов шаарынан Польшанын аймагына автобус менен 35 кыргызстандык чыгарылды. 6-мартта 45 кыргыз жараны Молдова-Румыния-Болгария маршруту аркылуу Түркиянын чек арасынан өттү.

Бүгүн 7-мартта Түркияга Молдова аркылуу 25 кыргызстандык жөнөтүлгөнү жатат.

 

4-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчиси Идирис Кадыркулов Украинадагы окуялар башталгандан бери элчиликтин жардамы менен 255 кыргызстандык Венгрия, Польша, Молдова жана Румыния өлкөлөрүнө чыгарылганын билдирген. Ошону менен катар ал өз алдынча чыгып кетип жаткандар да көп экенин кошумчалаган.

 

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор 1,5 миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Элчилик ошол жактагы кыргыз жарандары менен байланыш түзүп, эвакуация иштерин жүргүзүүдө.