Кыргызстанда бал челектер идентификацияланып, каттоодон өтүшү керек

Мындан ары өндүрүлгөн балдын сапаты боюнча маалымат берүү үчүн ар бир бал чарбасы идентификациядан өтүүгө тийиш. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ушул эле эрежеге ылайык, балчылар Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталуусу керек.
«Алгач бал челектин ээси өзү жашаган аймактагы ветеринарга кайрылат. Адистер ар бир бал челекке идентификациялык номер коюп беришет. Андан соң райондун же шаардык ветеринардык башкармалык аарылардын идентификациялангандыгы боюнча паспорт берет. Ошондон кийин гана бал челекчи ветеринардык коштомо документтерди алууга укуктуу болот», — деди министрликтен.
Балды Кыргызстандын аймагында саткан жана чет өлкөгө экспорттогон бардык ишкерлер идентификациядан жана каттоодон өтүүгө милдеттүү.