Кыргызстандын жол милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп жатат

Кыргызстандын жол милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, бул бүгүнкү майрамга байланыштуу. Адатта бул күнү унаалар көп болгондуктан, аварияларды алдын алуу чаралары көрүлөт. Андан тышкары, бүгүн кечкиге чейин жол инспекторлору айым-айдоочуларды куттуктап, гүлдесте сунушат.