Бүгүнтөн тарта Бишкекте 2 көчө оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Кайра калыбына келтирүү иштери Жунусалиев көчөсүнүн Гагарин-Ахунбаев тилкесинде жана Курултай көчөсүнүн Магистраль-Кожомкул бөлүгүндө жүргүзүлөт. Альтернативалык вариант катары айдоочуларга Шота Руставели жана Азия көчөлөрү сунушталат.
Оңдоо иштери Кытай грантынын эсебине жүргүзүлөт.