Кыргызстанда пособиелерди жогорулатуу уланууда

Кыргызстанда пособиелерди жогорулатуу уланууда. Анын ичинде балдардын жөлөк пулу 50 пайызга жогорулатылганы тууралуу кененирээк Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев айтып берет.   “Биздин тармакта балдарга дагы арналган пособиелер бар. Убактылуу кыйын акыбалга түшүп калгандарга биз пособие беребиз. Бүгүнкү күндө 107 миң үй-бүлө, анын… Кененирээк…

Кыргызстан Казакстан чек арасындагы жүк ташуучу унааларды текшерүү жөнүндө суроону көтөрүү ниетинде

Кыргызстан Казакстан чек арасындагы жүк ташуучу унааларды текшерүү жөнүндө суроону көтөрүү ниетинде. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошевдин айтымында, бул Евразиялык экономикалык форумдун алкагында талкууланышы күтүлүүдө.   Чиновник белгилегендей, айдоочу жүктү документи жок же туура эмес документтери менен өткөрүүгө аракет кылган учурлары болот.  … Кененирээк…

Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов дүйнө салды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкери, белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов узакка созулган оорудан улам 20-майда 72 жашында дүйнөдөн кайтты.   Ал Улуттук каналда дээрлик 20 жылдай эмгектенгенин каналдын директору Кайрат Иманалиев билдирди. Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспорт жарнактардан тазаланат

Бишкекте коомдук транспорт жарнактардан тазаланат. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаардык каттамдарда менчигинин түрүнө карабастан жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген транспорттук ишканаларга 1 айдын ичинде жарнамаларды алып салуу жана аны жаңыртуу боюнча тапшырма берилди. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу, жол кыймылынын эрежелерин жана санитардык нормаларды… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин алдында Инвестициялык кеңеш түзүлдү

Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин базасында министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш түзүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүн коргоо жана колдоо механизмдерин, ошондой эле… Кененирээк…

Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин жыйыны өттү

Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 19-жыйыны өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жыйынга Кыргызстандын маданият министри Азамат Жаманкулов да катышты. Анда тараптар буга чейинки маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, уюмга мүчө мамлекеттердин… Кененирээк…

Калыс-Ордо конушунда социалдык объектилерди куруу үчүн капсула салынды

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда социалдык объектилерди куруу үчүн капсула салынды. Ордо калаанын мэриясынан билдиришкендей, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөр үчүн мектеп, фельдшердик-акушердик пункт жана 30 турак жай куруу пландалууда. Курулуш иштерин араб кайрымдуулук фонду каржылайт.

Кыргызстанда тооктун жумурткасынан башка бардык азык-түлүк кымбаттады

Кыргызстанда тооктун жумурткасынан башка бардык азык-түлүк кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду. Алсак, ушул жылдын май айында былтыркыга салыштырмалуу эттин баасы эң көп кымбаттап, килограммы орто эсеп менен 36 сомго жогорулады. Ошондой эле кант 22 сомго, сүт дээрлик 16, өсүмдүк майы 14, биринчи… Кененирээк…

Кыргызстан нөлдүк бажы алымы менен электромобилдерди алып кирүүгө уруксат берди

Кыргызстан нөлдүк бажы алымы менен электромобилдерди алып кирүүгө уруксат берди. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, норма Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин чечиминин негизинде күчүнө кирди. Ага ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрү белгилүү бир квоталарды алышат. Кыргызстандыктар быйыл 5 миң, келерки жылы 10 миң электромобил импорттой алат.

Кыргызстандык Абдалим Малабаев курут жасоочу аппаратты патенттеди

Кыргызстандык Абдалим Малабаев курут жасоочу аппаратты патенттеди. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти. Куруттун диаметри 2-5 сантиметрди түзүп, көбүнчө цилиндр түрүндө жасалат. Аны негизинен Орто Азиянын көчмөн элдери ойлоп табышкан. Аталган азык койдун, эчкинин же уйдун сүтүнөн жасалат. Бээнин сүтүнөн жасалган куруттар Казакстанда популярдуу.