Лейлекте сел 200 баш малды агызып кетти

Лейлекте сел 200дөй баш малды агызып, Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун жараксыз абалга алып келди. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 19-майда 19:30 чамасында Лейлек районунун аймагында жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. Анын кесепетинен Катраң айыл аймагынын Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун суу каптап, кум-шагылга толтуруп,… Кененирээк…

ЕАЭБге мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусу онлайн форматта өтөт

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусу онлайн форматта өтөт. Президенттер Бишкекке келбейт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил МясникОвич билдирди. Анын айтымында, саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар. Пландаштырылган биринчи Евразиялык экономикалык форумга Биримдиктин мамлекет башчылары да видеоконференция аркылуу катышат. Биз муну… Кененирээк…

Индиялык аял баласын тарбиялоо үчүн 36 жыл бою эркектин кейпинде жашады

Индияда Петчиаммал аттуу аял баласын тарбиялоо үчүн 36 жыл бою эркектин кейпинде жашаган. Ал кызы чоңоюп, турмушка чыккандан кийин гана ким экенин ачыктады. Петчиаммал 20 жашында турмуш куруп, күйөөсү менен болгону 15 күн жашаган. Жолдошу жүрөк оорусунан каза болгондон кийин бир убакта бир нече жерде:… Кененирээк…

Бишкектен Баткенге аба каттамдардын саны көбөйтүлдү

Бишкектен Баткенге аба каттамдардын саны көбөйтүлдү. Жарандык авиация департаментинин маалыматына караганда, аймакка учак жумасына эми эки жолу каттайт. Ал эми июндан тарта Жалал-Абадга каттамдарды көбөйтүү пландалууда. Ведомство ошондой эле россиялык авиакомпания менен Кыргызстандын авиакомпаниялары учпаган багыттар боюнча өлкөгө жүк-200дү бекер ташып келүү тууралуу келишимге жетишкенин… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз иштеген 30га жакын косметологиялык жай аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз иштеген 30га жакын косметологиялык жай аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ордо калаада бул багытта ишмердүүлүк жүргүзгөн 63 мекеме текшерилди. Анын ичинен 27 клиникада уруксатсыз хирургиялык кийлигишүүлөр жасалары такталган. Мындан тышкары, бул жерлерде санитардык режим одоно бузулуп, кардарлардын жугуштуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу… Кененирээк…

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык,  Муратбек Азымбакиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу пмамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ырчы Рианна биринчи жолу эне болду

Америкалык ырчы Рианна биринчи жолу эне болду. Чет элдик басылмалар поп-жылдыз 13-майда Лос-Анжелесте төрөгөнүн, бирок бул эми гана белгилүү болгонун жазышты. Ымыркайдын аты азырынча белгисиз. Белгилеп кетсек, 33 жаштагы аткаруучунун кош бойлуу экени январдын аягында белгилүү болгон. Ошондон бери ал үзгүлтүксүз сүрөткө түшүп, Интернетке жарыялап… Кененирээк…

Бишкекте быйыл мектепти 8 миң 233 окуучу аяктайт

Бишкекте быйыл мектепти 8 миң 233 окуучу аяктайт. Мэриядан билдиришкендей, 9-классты 14 миң 257 окуучу бүтүрөт. Ордо калаанын бардык мектептеринде акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу линейкалар 9-июнда саат 9да өтөт. Эске салсак, салтанатка байланыштуу жалпы билим берүү мекемелеринде акча чогултууга тыюу салынат. Мындай фактылар аныкталса, билим… Кененирээк…

ПЦР-тесттин жыйынтыгын эми онлайн да алууга болот

ПЦР-тесттин жыйынтыгын эми онлайн да алууга болот. Коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришкендей, система тесттик режимде ишке киргизилди. Маалыматка ылайык, тестирлөөнүн жыйынтыгын Ilab.med.kg сайтынан бериле турган күнү кечки саат 6дан тарта электрондук түрдө пайдаланууга болот.

Караколдо мэриянын жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн турак-жай курулат

Караколдо мэриянын жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн турак-жай курулат. Бул тууралуу 24.kgге жергиликтүү мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, муниципалитет, Мамлекеттик курулуш агенттиги жана Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай курууда кызматташуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшту. Курулуш “Менин үйүм – 2021-2026” мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында ишке… Кененирээк…