Россияда кыргыз сомун алмашуу операцияларына киргизүү сунушталды

Россияда кыргыз сомун алмашуу операцияларына киргизүү сунушталды. Бул тууралуу Бишкектеги Евразиялык экономикалык форумдун алкагында талкууланды. Кыргызстандын Банктар биримдигинин жетекчиси Анвар Абдраев белгилегендей, Россиядагы акча алмаштыруучу жайлар менен банктардан теңге, беларусь рубли, армян драмын тапса болот, бирок сом жок. Өз кезегинде орус тарап идеяны колдоп, бул… Кененирээк…

ЕЭК соода базарларын турукташтырууга 200 млрд рубль жумшайт

Евразия экономикалык комиссиясы учурдагы кырдаалда соода базарларын турукташтырууга 200 миллиард рублга жакын жумшайт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Биринчи Евразия экономикалык форумунун алкагында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв билдирди. Анын айтымында, каражат тарифтик жөнгө салуу, салыктарды азайтуу, бизнести колдоо жана товарлардын жеткиликтүүлүгүнө багытталат.

Коомдук транспортторго жарнамалык кагаздарды чаптоого тыюу салынды

Бишкекте коомдук транспортторго жарнамалык кагаздарды чаптоого тыюу салынды. Мэриядан билдиришкендей, бул боюнча учурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин шаар бийлиги жүргүнчү ташыган унаалардын сыртына чапталган жарнамаларды сыйрып, тазалоого бир ай убакыт берген. Белгилеп кетсек, ордо калаадагы коомдук транспорттун 85 пайызы жеке компанияларга таандык. Шаардыктарга… Кененирээк…

ЖРТга байланыштуу Бишкектеги айрым мектептер онлайн окутууга өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу Бишкектеги айрым мектептер онлайн окутууга өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 27-28-майда Октябрь району боюнча № 3, 39, 62, 63, 64 жана 88 мектеп; Биринчи Май районунда №6, 27, 28, 29, 24 жана 69 орто мектеп дистанциялык түрдө окуйт.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгындарды болтурбоого бардык күч-аракет жумшалат

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгындарды болтурбоого бардык күч-аракет жумшалат. Бул тууралуу эки мамлекеттин президенттери макулдашты. Товарларды жана жүктөрдү Казакстан аркылуу өткөрүү маселеси, чек арадагы тыгындар боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу келишимине келдик, — деди Садыр Жапаров. Эске салсак, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте казак акыны Абай Кунанбаевдин эстелиги ачылат

Бүгүн Бишкекте казак акыны Абай Кунанбаевдин эстелиги ачылат. Иш-чарага Кыргызстан менен Казакстандын президенттери катышат. Ошондой эле ордо калаада Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы ачылды. Ал эми жакын арада Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин орнотуу пландалууда.

Бишкекте ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү өтүүдө

Бишкекте Евразия экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү өтүүдө. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, агрокөргөзмө Евразиялык экономикалык форумдун алкагында уюштурулду. Анда азык-түлүк, айыл чарба техникалары, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн жабдуулар жана башка буюмдар бар. Иш-чара кечки саат 6га чейин болот. Белгилеп… Кененирээк…

Бишкектеги темир жолду шаар сыртына жылдыруу пландалууда

Бишкектеги темир жолду шаар сыртына жылдыруу пландалууда. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, бул демилге дымактуу көрүнгөнү менен ишке ашырууга мүмкүн. Ал белгилегендей, темир жол алынса, өнөр жай ишканалары, өндүрүш базалары, кампалар да жылдырылат. Ал эми бошогон жерге турак жай курса болот. Темир… Кененирээк…

Кыргызстандык мунай ташуучулар күйүүчү майды рубль менен сатып ала баштады

Кыргызстандык мунай ташуучулар Россиядан күйүүчү-майлоочу майды рубль менен сатып ала баштады. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө  нефтетрейдерлер күйүүчү майдын 70 пайызын рубль, калганын доллар менен сатып алышууда. Алар орус валютасына жакында эле, 20 күн мурда… Кененирээк…

Кыргыз-казак соода-логистикалык комплексине капсула салынды

Кыргызстандын “Ак-Тилек” жана Казакстандын “Кара-Суу” автожол өткөрмө бекетинин аймагында курула турган кыргыз-казак индустриалдык соода-логистикалык комплексине капсула салынды. Өкмөттөн билдиришкендей, аталган комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, кийим-кечелерди жана башка товарларды чыгаруу боюнча долбоорлорду… Кененирээк…