Бишкектин бир катар аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт
Бишкектин бир катар аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Тыныстанов, панфилов, Токтогул, Раззаков, Садырбаев, Ибраимов, Месарош, Ахунбаев, Малдыбаев көчөлөрүндө, 6-кичи райондо жана Дордой, Ак-Ордо конуштарында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.