Кызыл-Кыяда соода-логистикалык борбор курулат

Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорттун аймагына соода-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, жер тилкесин берүү боюнча чечимдин долбоору жактырылды. Баткендеги соода-логистикалык борбор 44 гектар аянтка жайгашат.

Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы убактылуу токтотулду

Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы убактылуу токтотулду. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына караганда, бүгүн поезд бул багытта каттабайт. Маалыматка ылайык, 24-июндун кечинде темир жолдун 10 метрдей жерине кум шагыл толуп, ал эми эки жерде көчкү жалпысынан 35 метрдей жерди каптап калган. Азыр адистер жеринде иштеп жатышат.… Кененирээк…