Өзбекстан Ошко автобустарды жеткирип баштады

Өзбекстан Ошко автобустарды жеткирип баштады. Бул тууралуу “Акчабарга” түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Шаарга жаңы 50 транспорт келет. Каражатты кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду насыя катары бөлүп берген.   Макулдашууга ылайык, 1 миллион 580 миң доллар берилет. Кредитти 5 жыл ичинде төлөш керек. Белгилеп кетсек, Ошто газ куюу… Кененирээк…

Баткен облусунда 13,5 миң тургун үйлөрүнө кайтты

Баткен облусунда 13,5 миң тургун үйлөрүнө кайтты.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда жалпысынан 136 миң жаран эвакуацияланган.   Алардын бир бөлүгү туугандарыныкына жөнөтүлсө, айрымдары убактылуу түйүндөргө жайгаштырылды. Буга чейин министрликтен билдиришкендей, бул эвакуация өлкө тарыхындагы… Кененирээк…

Чек ара: Баткенде чыгымды эсептөө уланууда

Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан улам келтирилген чыгымды эсептөө уланууда. Ыкчам медиа штабдын маалыматына караганда, учурда жабыркаган 613 турак жай, 9 стратегиялык маанидеги объект, 15 социалдык объект, 500 чарбалык курулуш, автожол көпүрөсү жана 26 унаа аныкталды. Бийликтен билдиришкендей, курулуш иштерине даярдыктар бүгүнтөн тарта башталат.

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жол тосмонун жаңы түрү пайда болду

Бишкекте жумушчу долбоордун алкагында Чүй проспектисинде шлагбаум тибиндеги жол тосмо орнотулду. Мэриянын маалыматына ылайык, конструкция Түштүк Кореялык компания тарабынан жасалды. Анын узундугу 100 метрди түзөт. Тосмо бышык материалдан жасалган. Белгиленгендей, жол инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн компания менен мындан аркы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Баткенге 1 миң 300 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди

Баткен облусуна жалпы 1 миң 300 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди. Анын ичинен 189 тонна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан, 942 тонна жарандардын өз күчү менен жиберилди. ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда кампада 201 тонна гумжардам турат. Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы… Кененирээк…

Таиланд 1-октябрдан тарта коронавирустун бардык чектөөлөрүн алып салат

Таиланд 1-октябрдан тарта туристтер үчүн коронавирустун бардык чектөөлөрүн алып салат. Бул тууралуу Bangkok Post басылмасы билдирди. Саякатчылар мындан ары эмдөө сертификаттарын жана Covid-19 тесттерин көрсөтпөй эле койсо болот. Кошумчаласак, 1-октябрдан баштап коронавирустун жеңил белгилери бар бейтаптарды милдеттүү изоляциялоо жокко чыгарылды. Ошол эле учурда беш күн… Кененирээк…

Голливуд актёру Брэд Питт дүйнөдөгү эң келишимдүү эркектерди атады

Голливуд актёру Брэд Питт дүйнөдөгү эң келишимдүү эркектерди атады. Анын пикиринде, бардык убактагы эң жагымдуу эркек актер жана режиссёр Пол Ньюман. Питт анын укмуштуудай асылдыгын жана чынчылдыгын белгиледи. Актёр ошондой эле өзүнүн тизмесине «Оушендин 11 досу» тасмасындагы кесиптеши Джордж Клуни дагы кошту.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкүчө калыбына келтирүүнү тапшырды

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин калыбына келтирүүнү тапшырды. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Садыр Жапаров Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анын алкагында биринчи кезекте, чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү, жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү жана толук… Кененирээк…

“Кудайберген” базарындагы өрттө эки кабаттуу 20 контейнер күйүп кетти

Бишкектин Патриса Лумумба көчөсүндөгү “Кудайберген” базарында жайгашкан контейнерден өрт чыккан. ӨКМден билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы беш бөлүм, штаб жана ыкчам топ тартылган. Өрт кечээ, 22-сентябрда саат 20:57де толук өчүрүлгөн. Болжол менен өрттүн аянтты 500 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу 20 контейнер күйп кетти.

Баткенде кырдаал туруктуу

Баткендин Тажикстан менен чектеш аймактарында кырдаал туруктуу. Novosti.kgге облустагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү. Ал кошумчалагандай, аймакта калыбына келтирүү иштери активдүү жүрүп жатат. Ал эми эвакуацияланган жарандарга азырынча үйлөрүнө кайтпай туруу сунушталат.