Баткендин Тажикстан менен чектеш аймактарында кырдаал туруктуу.
Novosti.kgге облустагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү.
Ал кошумчалагандай, аймакта калыбына келтирүү иштери активдүү жүрүп жатат.
Ал эми эвакуацияланган жарандарга азырынча үйлөрүнө кайтпай туруу сунушталат.