Сауд Арабияда футбол курамасы Аргентинаны жеңип алганынын урматына бүгүн эс алуу жарыяланды

Сауд Арабияда футбол курамасы Аргентинаны жеңип алганынын урматына бүгүн эс алуу жарыяланды. Мындай чечимди өлкөнүн падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд жергиликтүү эл сенсациялык жеңишти майрамдашы үчүн кабыл алды.   Эске салсак, дүйнө чемпионатынын тайпалык этабында Сауд Арабия футболчулары кечээ Аргентина курамасын 2:1 эсебинде утуп… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү кичи заводдун курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү кичи заводдун курулушу башталды.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, курулуш иштерине 18 миллион сомду облустук өнүктүрүү фонду бөлүп берсе, жергиликтүү бюджеттен 3,5 миллион сом каралган.

25-ноябрда Бишкектин кээ бир жеринде суу жок болот

Мэрия 25-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу токтотуларын эскертти. «Бишкек суу канал» башкармалыгынын маалыматы боюнча, ичүүчү суу саат 9:00дөн 18:00гө чейин Панфилов – Түгөлбай ата – Бөкөнбаев – Логвиненко көчөлөрү менен чектешкен аймакта жок болот. Мындан тышкары, турак үйлөрдө да өчүрүлөт. Алар: Логвиненко көчөсү,… Кененирээк…

Дүйнө чемпионатынын тайпалык этабы уланууда

Дүйнө чемпионатынын тайпалык этабы уланууда. Кечээ алгач Аргентина курамасын күтүүсүздөн Сауд Арабия футболчулары утуп алгандан кийин, Дания – Тунис жана Мексика – Польша беттештеринде жеңүүчү аныкталган жок.   Эки оюнда тең эсеп ачылбай, 0:0 менен аяктады. Ал эми азыркы дүйнө чемпиону Франция бул биринчиликти ишенимдүү… Кененирээк…

Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу 6 автобус алып келинди

Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу 6 автобус алып келинди.   Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. Анын айтымында, транспорт 6 жылга лизинг аркылуу алынды.   Бул мөөнөт аралыгында алар өзүн өзү актайт деп күтүлүүдө. Автобустар жакынкы арада Баткен шаарында жүргүнчүлөрдү ташууга линияга… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБине казакстандык көмүрдүн кезектеги партиясы жеткирилди

Бишкек ЖЭБине казакстандык көмүрдүн кезектеги партиясы жеткирилди.   Улуттук энергохолдингдин төрагасы Талайбек Байгазиевдин айтымында, пландалган 400 миң тонна кара отундун 4,5 миң тоннасы түшүрүлдү.   Учурда жылуулук-энерго борбордун кампасында жалпысынан 270 миң тоннадан ашык көмүр бар. Бул коопсуз резервди түзүү үчүн жетиштүү, —  деп ишендирди… Кененирээк…

Дары-дармек жана медкаражаттар департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Абалиева Айнура Имамазановна Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин жаңы директору болуп дайындалды.   Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, жаңы директорду бүгүн эмгек жамаатына КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рыспекова тааныштырды