Ош шаарына жаңы мэр дайындалды

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Алмаз Мамбетов түштүк калаа башчылыгына 2021-жылдын август айында шайланган. Ага чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да… Кененирээк…

Кара-Жыгач айылында эки суу мунарасы ачылды

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагында 2 суу мунарасынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Мындан тышкары, 28 чакырым негизги суу түтүктөрү жаңыртылды. Долбоордун жалпы суммасы 60 млн 354 миң сомду түздү. Аталган долбоордун ишке ашуусу менен… Кененирээк…

Чек ара: жабыркаган тургундардын 19,5 млн сом насыясы жоюлду

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта жабыркаган тургундардын 19,5 миллион сом насыясы жоюлду. Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан 290дой карыз алуучунун насыясы эсептен чыгарылды. Мындан тышкары, 36 миллион сомго 155 кредит реструктуризацияланган. Белгиленгендей, каржы-кредиттик уюмдар жабыркаган карыз алуучулардын бардык арыздарын карайт жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү… Кененирээк…

Нарында жер титиреди

Кечээ, 28-ноябрда кечки саат 19:02де Нарын облусунунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык. жер титирөө Нарын районунун Достук айылында 4 балл, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Жан-Булак, Куланак, айылдарында 3,5 балл, Шоро, Ылайлуу-Суу, Учкун,… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун беш районуна 8 экскаватор тапшырылды

«Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген айыл аймактарга атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында эл аралык финансылык уюмдар… Кененирээк…

Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды

Кыргызстандык Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Билдирүүгө ылайык, 17-26-ноябрь күндөрү Филиппиндин Тагатай шаарында 20 жашка чейинки жаштар арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты өттү. Мелдешке Кыргызстандын атынан Элдияр Орозбаев катышып, бир алтын жана эки… Кененирээк…

Лицензиянын талаптарын аткарбаган 40тан ашык билим берүү уюмуна эскертүү берилди

Билим берүү жана илим министрлиги апрель айынан тарта 60 билим берүү уюмунда лицензиялык талаптардын сакталышына текшерүү жүргүздү. Ведомстводон билдиргендей, натыйжада 41 билим берүү уюму, анын ичинен медицина багыты боюнча билим берген 17 билим берүү уюмуна эскертүү берилди. Аларга лицензиялык талаптардын бузулушун жоюу үчүн мөөнөт берилди.… Кененирээк…