Таласта таштанды сорттоочу завод курулат

Таласта таштанды сорттоочу завод курулат. Бул үчүн фонддордун бири  6 миллион сом бөлүп берди. Ишкана Талас районунун Калба айыл аймагына курулат.   Бул долбоор ишке кирсе, айына 200 тонна таштандыны кайра иштете алат.   Белгилеп кетсек, Талас шаарынын түндүк тарабында жайгашкан таштанды жайына сын дооматтар… Кененирээк…

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта коопсуз жакка качып чыгууга аргасыз болгон 3 миң 781 адам үйүнө кайта элек

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта коопсуз жакка качып чыгууга аргасыз болгон 3 миң 781 адам үйүнө кайта элек. Баткен облустук администрациясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, алар учурда туугандарынын үйүндө убактылуу баш калкалап турат.   Алардын дээрлик баарынын турак жайлары талкаланып, жашоого жараксыз болуп калган.   Ал… Кененирээк…

Кочкордо таштандыны кайра иштетүүчү завод жана тигүү цехи ачылды

Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, 20 миллион сомго курулган ишкана суткасына 4 тонна таштандыны кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Мындан тышкары, ушул эле айылда тигүүчү цех ачылып, 20 адам жумуш менен камсыз болду.

Кыргызстанда пенсияны баары эле ала албашы мүмкүн

Кыргызстанда пенсияны баары эле ала албашы мүмкүн. Вице-премьер-министр Эдил Байсалов билдиргендей, учурда пенсияга эмгек стажы жана Социалдык фондго чегерүүсүз чыккан жарандардын төлөмдөрүн пенсия эмес, жаш курагы боюнча жөлөк пул деп атоо сунушталууда. Белгилеп кетсек, парламентте социалдык фонддун 2023-жылга бюджети каралууда. Цифрларга ылайык, кийинки мезгилде минималдуу… Кененирээк…

Кыргызстанда аялдар менен эркектердин айлык акысынын айырмасы 30 пайыздан ашты

Кыргызстанда аялдар менен эркектердин айлык акысынын айырмасы 30 пайыздан ашты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2017-жылы аялдар орто эсеп менен айына 12 миң сомдон бир аз ашык, эркектер дээрлик 17 миң сом, башкача айтканда, 38 пайыз көп киреше алышкан. 2021-жылы ажырым бир аз кыскарган. Аялдардын… Кененирээк…

Учурда Улуттук банктын карамагында дээрлик 38 тонна алтын бар

Учурда Улуттук банктын карамагында дээрлик 38 тонна алтын бар. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, мунун ичинен жалпы суммасы 57 миллиард сомдук 13 тонна алтын алтын-валюта резервинде турат. Ал кошумчалагандай, дагы 24 тонна банктын алтын корунда сакталуу. Эске салсак, Улуттук банкта дээрлик 38… Кененирээк…

Бишкек мэриясы унааларды бактардын алдына токтотпоону өтүнөт

Бишкек мэриясы унааларды бактардын алдына токтотпоону өтүнөт. Ордо калаада абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу мэрия айдоочуларды сак болууга чакырат. Алсак, жол кырсыктардын алдын алуу жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн жарандар машинелерин жеңил объектилердин жанына койбошу керек.

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банкттын өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн башкы каржы мекемеси акча-кредиттик саясатынын алкагында валюта рыногундагы жагдайга туруктуу көзөмөл жүргүзүп турат. Айдын ичинде суроо-талаптын жогору болгонуна байланыштуу 55 миллион доллар сатуу боюнча интервенция жасалган. Улуттук валютанын… Кененирээк…

Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолундагы Сосновка өткөрмө бекектинде оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам жолдор тайгак болуп, жол кырсыктарынын келип чыгуу коркунучу бар. Учурда постто 80ден ашуун оор жүк ташуучу… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайызга чейин төмөндөттү

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайызга чейин төмөндөттү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин башкармалыгы кабыл алган чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет. Маалыматка ылайык, мунун себеби учурда 14,5 пайызды түзгөн жылдык инфляцияга байланыштуу. Белгиленгендей, бул чечим тышкы жана ички экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен кабыл алынды.