Кыргызстанда сасык тумоо жана респиратордук вирустардын сезону курчуп жатат

Кыргызстанда сасык тумоо жана респиратордук вирустардын сезону курчуп жатат. Дарыгерлер оорулардын жайылышына даяр болууга чакырат.   Республикада тридемия башталышы мүмкүн. Бул өлкөдө дароо 3 вирус жүргөндүгүн билдирет, алар – респиратордук, ковид жана сасык тумоо. Быйыл оорунун сезону адаттан эрте башталды. Бул катуу суукка жана жогорку… Кененирээк…

Чаткалда дайынсыз болуп жаткан үч киши аман-эсен табылды

коом   Чаткалда кен казуучу ишкананын дайынсыз болуп жаткан үч жумушчусу аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя Кара-Буура ашуусунда болгон. Жумушчулар Каныш-Кыя айылын карай жолго чыгышкан. Алар дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине төрт куткаруучу унаа менен… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталат

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталат. Энергетиктердин маалыматына ылайык, былтыркыга салыштырмалуу Токтогул суу сактагычындагы суу 1,5 миллиард метр кубга көп. Көмүр тартыш болбогондой, эч кандай таңкыстык жок. Бирок иштеп жаткан генерациялык объектилердин кубаттуулугу жетишсиз экени белгиленди. Тагыраагы, электр станциялары өз чегинде иштеп жатат.

Марокколук футболчу чемпионаттагы акчасын кайрымдуулука жумшады

Марокколук футболчу чемпионаттагы акчасын кайрымдуулука жумшады. Марокконун футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Хаким Зиеш Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алган акчасын толук кайрымдуулукка багыттады. Футболчу жакыр жашаган мекендештерине жардам катары 325 миң доллар берген. Белгилеп кетсек, Зиеш 2015-жылдан бери улуттук курамада ойногону үчүн акча… Кененирээк…

Кыргызстанда 93 мал союучу жайдын сегизи гана эл аралык талапка жооп берет

Кыргызстанда жалпы 93 мал союучу жайдын сегизи гана эл аралык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ички ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Тилек Таабалдиев билдирди. Анын айтымында, сегиз жайдын эти учурда экспорттолууда. “Алсак, БАЭ, Кувейтке койдун 150… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы жылдык жарманке өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда жаңы жылдык жарманке өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Ага Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген соодагерлер, ишкерлер азык-түлүк, тамак-аш, түркүн буюмдарды, жаңы жылга керектелүүчү каражаттарды коюшту. Эт, май, ун, жашылча-жемиштер сыяктуу күнүмдүк турмушта керектелүүчү азыктар арзан баада сатылып жатат. Белгилеп… Кененирээк…

Бүгүн өлкөнүн мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырылат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда республиканын жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чара УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт. Түз чагылдыруу саат 15:00дө башталат.

Мамкурулуш агенттигинин директоруна жаңы орун басар дайындалды

Дастан Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

УКМК Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалганын билдирди

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри А.А.А. (ред.: Абдылдаев Алимбек Анарбекович) кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасында коррупциялык механизмдер аныкталган. Такталгандай, 2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу максатында, ишкананын өзгөчө ири… Кененирээк…

Сокулук районунун социалдык аялуу катмарына 9 тонна кумшекер таратылды

Сокулук районунун социалдык аялуу катмарына 9 тонна кумшекер таратылды. Азык ар бир муктажга 10 килограммдан акысыз берилгенин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, учурда республика кант менен толук камсыз болгон. Белгилеп кетсек, кумшекердин бир килограммы дүңүнөн 78 сомдон сатылууда. Чекене баасы  84… Кененирээк…