2023-жыл кыйла туруктуу болот

2023-жыл кыйла туруктуу болот. Астрологдордун айтымында, ири экономикалык кризистер анчейин таасирин тийгизбеши мүмкүн. Жашоону түп-тамыры менен өзгөртө турган чоң окуяларды бир жылга пландаштырбоо сунушталат. Тескерисинче, жылды кадимкидей өткөргөн жакшы дешет адистер. Бирок баш кошууну пландагандар үчүн убакыт абдан ыңгайлуу. Жылдын ээси коён үй-бүлөнү баалайт.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына үч талапкер жактырылды

Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына үч талапкер жактырылды. Палатадан маалым болгондой, алар экс-премьер-министр Темир Сариев, ишкер Жодар Сайдилканов жана жергиликтүү логистикалык компаниянын башкы директору Авазбек Керимбаев. Төрагалыкка жалыпсынан тогуз киши талапкер болгон. Шайлоо 19-декабрда өтөт. Ал эми палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте жаңы жылдык башкы балатынын оту жанат

Бүгүн кечки саат 6да Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысынын оту жанат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилеп кетсек, быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотулган. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1 миң 400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилди.

ЖК Бишкектин мэрин кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизет

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алуу боюнча президент Садыр Жапаровго сунуш киргизет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында айтылды. Тиешелүү токтомду 66 эл өкүлү колдоп, эч ким каршы чыккан жок. Депутаттар белгилегендей, мэр ордо калаадагы түтүн, таштанды, башаламан имараттардын салынышы боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн… Кененирээк…