Бишкектен Гоага түз чартердик каттамдар ачылат

Бишкектен Гоага түз чартердик каттамдар ачылат. Биринчи маршрут 20 жана 28-декабрга белгиленген. Январда болсо учактар 5чи, 13чү жана 21инде учушу күтүлүүдө. Белгилеп кетсек “Манас” аэропортунан Индиянын курорттук штатына биринчи жолу каттамдар аткарылганы турат.

Жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү жыл ичинде дээрлик 41 пайызга өстү

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү жыл ичинде дээрлик 41 пайызга өстү. Эгер өткөн жылдын ноябрь айында монета жана банкнот түрүндө жүгүртүүдө 138 миллиард сомдон бир аз ашык каражат болсо, быйыл ноябрда дээрлик 194,5 миллиард сомду түзгөн. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Улуттук… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-январдан тарта тамекинин чекене баасы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-январдан тарта тамекинин чекене баасы көтөрүлөт. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, чылымдын минималдуу баасы бир кутусуна 100 сом болот. Учурдагы эң төмөнкү чекене баа 90 сом. Салык кызматы баанын жогорулашы керектөөнүн кыскарышына алып келерин жана бул калктын саламаттыгына оң таасирин тийгизерин белгилейт.

Кирип келе жаткан жылдын ээси – Кара коен бакыт алып келет

Кирип келе жаткан жылдын ээси – Кара коен бакыт алып келет. Астрологдордун айтымында, ал кескин толкундоолорду алып келбейт. Тескерисинче, кийинки жылы жашоо тынч жана жакшы эмоцияларга бай болот.   Жылга божомол жаныбардын мүнөзүнө жараша түзүлөт. Коен (же мышык) – жумшак, мээримдүү жана назик жаныбар.  … Кененирээк…

Кыргызстанда доллар курсу бир нече саатта эле дээрлик 1 сомго кымбаттады

Кыргызстанда доллар курсу бир нече саатта эле дээрлик 1 сомго кымбаттады. Бир аз тыныгуудан кийин америкалык валюта кайрадан жогорулоо багытын алды.   Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 86 сомдон сатып алып, кайра  87 сомдон сатышууда. Муну менен ал дароо 1 сомго кымбаттады. Белгилеп… Кененирээк…

ЖККУ өз контингентин кеңейтүүнү пландаган жок

ЖККУ өз контингентин кеңейтүүнү пландаган жок. Бул тууралуу уюмдун генералдык катчысы Станислав Зась билдирди. Анын айтымында, учурда ЖККУда Борбордук Азия регионунда жамааттык-коргонуу күчү, ыкчам таасир берүү күчү жетиштүү.   Уюмдун потенциялы эбегейсиз чоң. Андыктан, аскердик кол салууга чейинки коркунучтарга туруштук берүүгө даяр, деди Зась.

Кыргызстан Кытайдан 59 миллион доллар грант алуу ниетинде

Кыргызстан Кытайдан 59 миллион доллар грант алуу ниетинде. Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаевдин айтымында, каражат Түндүк-Түштүк альтернативалык жолдо коопсуздукту камсыздоо үчүн объектилерди курууга багытталат.   Трассада таш түшүү коркунучу жогору, андыктан 3 галерея жана 2 көпүрө куруу талап кылынат.   Учурда Кытай менен гранттык… Кененирээк…

Ош шаарынын Калкты тейлөө борборунда Социалдык фонддун терезеси ачылды

Ош шаарынын Калкты тейлөө борборунда Социалдык фонддун терезеси ачылды.   Бул тууралуу ведомство төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Эми жарандарга борбордо пенсия дайындоо, кайра эсептөө, маалымкат берүү, пенсиялык күбөлүк берүү жана башка тиешелүү кызматтар көрсөтүлөт.   Калкты тейлөө борбору Касымбеков, 8 дарегинде жайгашып, эртең мененки саат… Кененирээк…

Кыргызстанга Россиядан дагы 20 мугалим келди

Кыргызстанга Россиядан дагы 20 мугалим келди. “Россиялык мугалим чет өлкөдө” гуманитардык долбоорунун алкагында келген окутуучулар биздин өлкөнүн 14 мектебинде иштейт.   Алар Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында жайгашат. Мугалимдер балдарды орус тилинде окутуп, башка предметтерди дагы орус тилинде жүргүзөт.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда калкты тейлөө борбору ачылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда калкты тейлөө борбору ачылды. Ал Масы айылында жайгашат. Имаратты курууга аймакты өнүктүрүү фондунан  24 миллион сом бөлүнгөн.   Борбордо райондун 140 миңден ашык тургунуна паспорт, нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жашаган жерри боюнча маалымкат, кайра каттоо жана башка бир катар документтерди… Кененирээк…