Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында азык-түлүк жетиштүү

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында азык-түлүк жетиштүү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө дан азыктары, ун, өсүмдүк майы, кумшекердин кору тиешелүү деңгээлде жыйналган, өлкөнүн социалдык керектөөчү азыктарынын көлөмү жетишээрлик, — деп айтылат маалыматта.

Майлуу-Сууда үч отказандын дагы бири калыбына келтирилди

Майлуу-Сууда сууктан улам иштебей калган үч отказандын дагы бири калыбына келтирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн №4 отканага электр жарыгы жеткирилип, шаардын 200гө жакын абоненти жылуулук менен камсыз боло баштады. Учурда ал жерге атайын насос орнотулуп, Майлуу-Суу суусунан отканага суу алып өтүү иштери жүрүүдө. 16-январда… Кененирээк…

Товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшерген тиркеме ишке кирди

Кыргызстанда товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшерген тиркеме ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. «Текшер» деп аталган тиркемеден жарандар товарларды анын таңгагындагы кодун сканерлөө аркылуу өз алдынча текшере алат. Анда товар жөнүндө толук маалымат, толук аталышын, өндүрүүчү жана чыгарылган өлкөнү, товардык белгини жана ар… Кененирээк…

Ырчы Малик Аликеев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 17-январда 54 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу ырастады. Аликеев аталган театр ачылгандан бери анын мүчөсү катары эмгектенип келе жаткан. Былтыр 4-декабрда ал улуттук филармонияда “Өмүр жөнүндө… Кененирээк…

Кыргызстанга жеңил унаанын импорту кескин өстү

Кыргызстанга жеңил унаанын импорту кескин өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын 11 айында өлкө аймагына 33 миң 890 жеңил машине жеткирилди.   Бул 2021-жылга салыштырмалуу 3 эсе көп. Унаанын көбү Түштүк Кореядан – 7 миң 342, Грузиядан – 6 миң 560 жана АКШдан… Кененирээк…

Катуу сууктан улам Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер онлайн форматка өткөрүлдү

Катуу сууктан улам Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер онлайн форматка өткөрүлдү.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, аралыктан окутуу аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин уланат.   Ал эми бала бакчалар боюнча чечим кабыл алына элек, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эске салсак, катаал аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын бардык мектептеринде… Кененирээк…

Криштиану Роналду бүгүн “Аль-Наср” клубу үчүн биринчи ирет ойнойт

Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду бүгүн “Аль-Наср” клубу үчүн биринчи ирет ойнойт. Ал “ПСЖга” каршы оюнда команданын капитаны болуп шайланды. Алгачкы эле беттешинде ал Лионель Мессиге каршы ойной турган болду.   2 миллион билет сатылган көптөн күткөн оюн Эр-Рияд шаарында 19-январда өтөт. ВИП билеттин баасы аукциондо… Кененирээк…

Android-смартфондордо дарыгерлердин түшүнүксүз кол жазмасын чечмелеп бере турган функция пайда болот

Android-смартфондордо дарыгерлердин түшүнүксүз кол жазмасын чечмелеп бере турган функция пайда болот. Google жасалма интеллекттин жардамы менен медицина кызматкерлеринин чиймелеп жазганы боюнча маселени чечүү ниетинде.   Ал эми тексттке камераны алып барыш керек, система аны каттап, дарылардын тизмесин жазып берет.

Чүй облусунда туристтик курорт курулат

Чүй облусунда туристтик курорт курулат. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, долбоор иштелип чыкты. Ага мейманканалар, фуникулер, асма жолчолор жана башка инфраструктура кирет.   Күтүлгөндөй, курорт жылына   1 миллион турист кабыл алат. Иштер 2030-жылга чейин жыйынтыкталат деп пландалууда. Курулушка бийлик мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду табуу ниетинде.  … Кененирээк…

Бишкек ЖЭБи катуу суукта жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берди

Бишкек ЖЭБи катуу суукта жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз берди. Бул тууралуу 24 агенттигине “Электр станциялардан” билдиришти. Тармактык суунун температурасы +86-87 градусту түздү.   Өтүп кеткен сутка ичинде ишкана                         8 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыкты. Эске салсак, өткөн эс алуу күндөрү метео байкоолор тарыхындагы… Кененирээк…