Бишкектиктерге бүгүн мүмкүн болсо сыртка чыкпоого сунушталат

Бишкектиктерге бүгүн мүмкүн болсо сыртка чыкпоого сунушталат. Ордо калаа кайрадан дүйнөдөгү абанын сапаты боюнча рейтингдин сап башында. Бул тууралуу World Air Quality дүйнөлүк рейтингинде жазылат.   Ага ылайык, учурда Бишкектин абасындагы зыяндуу бөлүкчөлөрдүн үлүшү дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган көрсөткүчтөн 39 эсе көп.  … Кененирээк…

АКШда өзгөчө ыкма менен эки кабаттуу үй курулууда

АКШда өзгөчө ыкма менен эки кабаттуу үй курулууда. Аны биринчи жолу 3D-принтер менен басып чыгарышууда. Турак-жайдын жалпы аянты – 370 чарчы метрден ашат. Ал эми аны басып чыгарууга жарым ай талап кылынат.   Аянтта салмагы  12 тоннага жеткен атайын аппарат орнотулган. Ал биринин артынан бирин… Кененирээк…

Өлкө мектептеринде “Мен жана дүйнө” аталышындагы жаңы сабак пайда болот

Өлкө мектептеринде “Мен жана дүйнө” аталышындагы жаңы сабак пайда болот. Ал жашоо коопсуздугунун негиздери, адеп жана мекен таануу предметтерин бириктирүүнүн жолу менен түзүлөт.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, учурда жаңы премдеттин китебин түзүү, ага материалдарды бириктирүү иштери жүрүүдө.

Кыргызстанда электр энергиясын атайлап маал-маалы менен өчүрүү болгон жок

Кыргызстанда электр энергиясын атайлап маал-маалы менен өчүрүү болгон жок. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиев жарыялады.   Анын айтымында, электр жарыгын берүүдөгү кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр автоматиканын ишине байланыштуу болду. Аны менен өлкөнүн энергосистемасындагы бардык жабдуулар камсыздалган.   Автоматика авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн линияларга… Кененирээк…

Лионель Месси ПСЖда эле калуу ниетинде

Лионель Месси ПСЖда эле калуу ниетинде. Учурда париждик клую аргентиналык форвард менен келишимди узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жакынкы арада жетишилген макулдашууга ылайык, Месси ПСЖда кийинки жылдын ортосуна чейин ойнойт.   Муну менен футболчу Чемпиондор лигасына катышууну пландап жатат.   Буга чейин арабиялык “Аль-Хиляль” клубу 35… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында 8 миңден ашык жеңилдетилген насыя дыйкандарга берилди

“Айыл чарбасын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында 8 миңден ашык жеңилдетилген насыя дыйкандарга берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы берилген сумма 4,5 миллиард сомдон ашат.   Бийликтен белгилешкендей, каржылык колдоо мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүгө берилет. Андан тышкары, агро өнөр-жай жана кайра иштетүү тармактарындагы ишканалар… Кененирээк…

Кыргызстандын банктарында жана акча алмаштыруу жайларында чет элдик валюта жетиштүү өлчөмдө бар

Кыргызстандын банктарында жана акча алмаштыруу жайларында чет элдик валюта жетиштүү өлчөмдө бар.   Буга Улуттук банктан ишендиришүүдө. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси туруктуу мониторингдерди жүргүзүп турат.   Ага ылайык, банктарда жана акча алмаштыруу жайларында кардарларды эсептик-кассалык тейлөө үчүн жетиштүү чет элдик валюта бар экендиги аныкталды. Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстан жарандыгын 2 миңдей киши кабыл алды

Кыргызстан жарандыгын 2 миңдей киши кабыл алды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.   Беш жарлыкка ылайык, 1 миң 920 жаранга, алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга Кыргызстандын паспорту берилди. Ал эми өлкө жарандыгынан 205… Кененирээк…

Кыргызстандын экономикасы 7% өстү

Былтыр Кыргызстандын ички дүң продуктусу 919 млрд сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу 7% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин былтыркы жылдын алгачкы жыйынтыктарын чыгарган маалыматында айтылат.   Экономиканын өсүү темпи негизинен товардык өндүрүш жана тейлөө кызматтарындагы жылыштар менен камсыздалды. Өндүрүш тармагы 12%, курулуш 8% жана айыл… Кененирээк…