Кыргызстан жана Венгрия аба каттамдарын кое берүү боюнча макулдашуу кабыл алууну пландап жатат

Кыргызстан жана Венгрия аба каттамдарын кое берүү боюнча макулдашуу кабыл алууну пландап жатат. Күтүлгөндөй, учактар Бишкек – Будапешт каттамы менен учат.   Бул тууралуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигинин башчысы Александр Настаев билдирди. Анын айтымында, бул долбоорду эки өлкө буга чейин эле ишке ашырууну пландаган, бирок… Кененирээк…

Түркиянын Бишкектеги элчилиги кыргызстандыктарга кайрылды

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кайрылуу жасап, жер титирөөдөн жабыркаган жарандарына кандай жардам керектигин жарыялады. «Жер титирөө катталган аймактарга жардам жөнөтүүнү каалагандар буюм же азык-түлүктөрдү элчилигибизге алып келсе болот. Аны баштыкка салып, ичинде эмне бар экенин жазып коюшу керек. Мүмкүн болсо буюмдар мурда колдонулбаган жана кышка ылайыктуу… Кененирээк…

“Аватар” тасмасынын экинчи бөлүгү “Титаниктен” ашып өтүп, дүйнөдөгү эң кассалык тасмалардын үчилтигине кирди

“Аватар” тасмасынын экинчи бөлүгү “Титаниктен” ашып өтүп, дүйнөдөгү эң кассалык тасмалардын үчилтигине кирди. Джеймс Кэмерондун киносу эл аралык рынокто 1,5 миллиард доллар чогултту.   Биринчи орунда “Аватардын” биринчи бөлүгү турса, экинчиде “Өч алуучулар. Финал” тасмасы турат. Эске салсак, “Аватар. Суу жолу” өткөн жылдын декабрында прокатка… Кененирээк…

Ош облусунда милиция коомдук тартипке дрондордун жардамы менен көз салат

Ош облусунда милиция коомдук тартипке дрондордун жардамы менен көз салат. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Кайгуул Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат жана Араван райондорунда жана Ош аэропорту менен “Достук” өткөрүү түйүндүндө жүргүзүлөт.   Ведомстводон кошумчалашкандай, учурга карата дрондор сыноо иретинде Кара-Суу районунда колдонулуп баштады.

“Коопсуз шаардын”  камералары жол эрежелерин бузуу фактыларын каттап жатат

“Коопсуз шаардын”  камералары жол эрежелерин бузуу фактыларын каттап жатат. Анын ичинде чет элдик номери менен унаалар дагы катталууда. Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун жетекчиси Бакыт Акжолтоев билдирди.   Анын айтымында, бардык бузуулар боюнча протоколдор түзүлөт. Чогулган айыптар мамлекеттик бюджетке которулат,… Кененирээк…

Улуттук энерго холдинг күн жылыганына байланыштуу электр энергиясын маал маалы менен өчүрүүнү токтотту

Улуттук энерго холдинг күн жылыганына байланыштуу электр энергиясын маал маалы менен өчүрүүнү токтотту. Ведомство маалыматына ылайык,  өткөн сутка ичинде калк арасында электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү кыйла төмөндөп, 64 миллион киловатт сааттка теңелди.   Буга чейин катуу суукта керектөө 76,5 миллион киловатт саатка жетип жаткан.  … Кененирээк…

Түркияда жер титирөөдө каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок

Түркияда жер титирөөдө каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок.   Жаңыланган маалыматты Тышкы иштер министрлиги тартуулады. Ведомстводон белгилешкендей, Адана шаарында биздин өлкөнүн бир жараны жабыркаган.   Учурда анын абалы канаттандыраарлык болуп, ооруканадан чыгарылды. Андан тышкары, Аданадагы 9 кыргызстандык коопсуз жайга жайгаштырылды, алар суу, тамак-аш жана жылуу… Кененирээк…

Түркия: кырсыкта курман болгондор арасында кыргызстандыктар жок

Түркиядагы катуу жер титирөөдө курман болгондор арасында кыргыз жарандары жок. Алдын ала маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бирок Адана шаарында 1984-жылы туулган кыргызстандык жаран жараат алганы белгилүү болду жана ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Соңку маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын айынан мерт болгондордун саны… Кененирээк…

Польшадагы супермаркеттер түйүнү кезекти көпкө күткөндөргө кенетме төлөп берет

Польшадагы супермаркеттер түйүнү кезекти көпкө күткөндөргө кенетме төлөп берет. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, каражат 5 мүнөттөн ашык кезек күткөн кардарларга төлөнөт. Узак күтүү үчүн сатып алуучулар товарга 5 злотый (бул болжол менен 100 сом) өлчөмүндө арзандатууга ээ болот. Фейсбуктагы жергиликтүү колдонуучу кассада көпкө күткөндүгү үчүн… Кененирээк…

Ош облусунда милиция коомдук тартипти дрондун жардамы менен көзөмөлдөйт

Ош облусунда милиция коомдук тартипти дрондун жардамы менен көзөмөлдөйт. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жумушчу долбоор катары Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван райондору, Ош эл аралык аэропорту жана “Достук” өткөрмө бекети тандалып алынды. Учурда дрондор менен тажрыйба Кара-Суу районундагы “Туратали” базарында колдонулуп жатат.