Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты бүгүн өтөт

Көрүнүктүү кинорежиссер Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 7-февралда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Кыргызстандагы автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири менен коштошуу иш-чарасы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 10:00дө башталат. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча»… Кененирээк…

Ошто 3 млн 150 миң сомдон ашык декларацияланбаган товар аныкталды

Ошто декларацияланбаган товар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан Volvo үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Анын жүрүшүндө унаадан декларацияланбаган эл керектөөчү товарлар табылган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 млн 152 миң 577 сомду түздү. Материалдар Транспорт прокуратурасына өткөрүп берилди.

Маданият министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Журналист Марат Тагаев жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон. Буга чейин бул кызматты аркалаган Союзбек Надырбеков кызматтан кетти. Министрдин дагы… Кененирээк…