Ошто декларацияланбаган товар аныкталды.
Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан Volvo үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.
Анын жүрүшүндө унаадан декларацияланбаган эл керектөөчү товарлар табылган.
Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 млн 152 миң 577 сомду түздү.
Материалдар Транспорт прокуратурасына өткөрүп берилди.