“Ак-Жол” өткөрмө бекети ишин жандантты
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекети ишин жандантты. Чек ара кызматынан билдиришкендей, адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү кадимки тартипте жүргүзүлүүдө. Эске салсак, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу аталган пункт бүгүн түшкө чейин убактылуу жабылган болчу.