Форманы сактоо үчүн физикалык активдүүлүктүн минималдуу мөөнөтү айтылды

Жакшы форманы сактоо үчүн физикалык активдүүлүктүн минималдуу мөөнөтү айтылды. Спорттук медицина адистери буга жумасына 150 мүнөттөн кем эмес убакыт бөлүүнү сунуштайт.   Ошол эле учурда адистердин айтымында, мурда физикалык көнүгүү жасалбаса денени тез иретке келтирүү мүмкүн эмес экенин эстен чыгарбоо керек.   Активдүү жашоо образына… Кененирээк…

Лейлекте жаңы мектептин курулушу башталды

Лейлекте жаңы мектептин курулушу башталды.   Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Сары-Дөбө айылындагы мектептин курулушуна капсула салынды.   Мектеп 150 окуучуга чакталып, эки кабаттуу болот. Курулуш 1-сентябрга бүткөрүлөт деп пландалууда.

Муниципалдык менчикте турган автобустарды сатуу боюнча аукцион өтөт

Бишкек мэриясы муниципалдык менчикте турган автобустарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт. Соода 12-апрелде болот.   Учурда транспорттун тизмеси бекитилди. Кепилдик төлөмдүн өлчөмү лоттун баштапкы наркынын 10 пайызы түрүндө белгиленди.   Буга чейин президент жараксыз автобустардын баарын жокко чыгарып, коомдук транспорт үчүн база даярдоону тапшырган.

Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу пландалууда

Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан кабарлашты.   Болжол менен учактар ​​5-майдан тарта уча баштайт.   Рейстер жумасына бир жолу — жума күндөрү аткарылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.   10-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында, Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт.… Кененирээк…

Мэрди түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок

Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок. Парламент депутаттары тиешелүү документти биринчи окууда четке какты.   Аталган мыйзамга 38 депутат “макул”, 13ү “каршы” добуш берди.   Демилгечилер мыйзам кабыл алынса, мэрликке талапкерлер программа жазып эл кыдырарын айтышкан.   Эске салсак,… Кененирээк…