Мэрди түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок

Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок. Парламент депутаттары тиешелүү документти биринчи окууда четке какты.

 

Аталган мыйзамга 38 депутат “макул”, 13ү “каршы” добуш берди.

 

Демилгечилер мыйзам кабыл алынса, мэрликке талапкерлер программа жазып эл кыдырарын айтышкан.

 

Эске салсак, мурда шаар башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлачу. 2021-жылы мыйзамга өзгөртүү киргизилип, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калган.