Бишкек мэриясы муниципалдык менчикте турган автобустарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт. Соода 12-апрелде болот.
Учурда транспорттун тизмеси бекитилди. Кепилдик төлөмдүн өлчөмү лоттун баштапкы наркынын 10 пайызы түрүндө белгиленди.
Буга чейин президент жараксыз автобустардын баарын жокко чыгарып, коомдук транспорт үчүн база даярдоону тапшырган.