Ош – Тамчы – Ош аба каттамы бүгүн кое берилди. “Манас” эл аралык аэропорттун маалыматына ылайык, аталган багыт боюнча рейстер ата-мекендик авиа компания тарабынан жумасына 6 ирет аткарылат.
Каттам туристтик болуп, 31-августка чейин жеткиликтүү болот.