Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу башталды

Ысык-Көлдө Асман шаарынын курулушу башталды. Президент Садыр Жапаров бүгүн курулушка старт берген капсула салды. Өлкө башчы белгилегендей, шаар Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалын жогорулатып, каржылык хабка айланат.

 

Асман шаары көлдүн түндүк тарабында, Чырпыкты менен Тамчы айылдарынын ортосунда пайда болот.

 

Ири долбоорду ишке ашырууга   10 жылдай талап кылынат. Анын жалпы баасы 20 миллион долларга жетет. Шаарда 700 миңге чейин киши жашай алат.