Кыргызстанда рублдун курсу кайрадан 1 сомдон төмөн түшүп кетти

Кыргызстанда рублдун курсу кайрадан 1 сомдон төмөн түшүп кетти. Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар россиялык валютаны 98 тыйынга сатып алып, кайра 1 сом 4 тыйынга сатышууда.

 

Ал эми Улуттук банк расмий курсту 1 сом 1 тыйын деп орнотту. Эске салсак, өткөн эс алуу күндөрү дагы ушундай эле абал катталган.

 

Эксперттер муну Россиядагы соңку окуяларга байланыштырды.