Бишкек чет элдиктердин жашоосу үчүн эң арзан шаарлардын бири деп аталды

Бишкек чет элдиктердин жашоосу үчүн эң арзан шаарлардын бири деп аталды. Мындай изилдөөнү Mercer эл аралык консалтинг компаниясы жүргүзгөн. Эң кымбат шаарлардын сап башына Гонконг чыкты.

 

Алдыңкы үчтүккө ошондой эле Сингапур жана Цюрих кирет. Рейтингде Бишкек 224-орунда турат. Тизме турак жай баасы, транспорттук чыгымдар, тамак-аш, кийим-кече, тиричилик буюмдары жана көңүл ачуу сыяктуу факторлорду салыштыруунун негизинде түзүлгөн.