Дарыгерлердин айлыгы жогорулашы күтүлөт

Айлык акыны жакынкы жылдары көбөйтүлөрүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Бишкекте медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди.

 

Ал жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланып, медициналык жабдуулар модернизациялана турганын, дары-дармектер менен камсыздоодо баа саясаты жөнгө салынарын айтты.

 

Анын айтымында, 2021-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 50%, үй-бүлөлүк жана жалпы практикадагы дарыгерлердики 100% жогорулаган жана аны дагы көтөрүү планы бар.

 

2022-жылдын 1-апрелинен тарта дарыгерлердин эмгек акысы дагы орточо 50% өскөн. Ушул тапта алар мурдагы 12 миң 899 сомдун ордуна 19 миң 346 сом, үй-бүлөлүк дарыгерлер 17 миң 197 сомдун ордуна 25 миң 795 сом жана орто медициналык кызматкер 11 миң 739 сомдун ордуна 17 миң 609 сом алып жатат.

Кыргызстанда дарыгерлер дээрлик эң аз айлык маяна алышат. Улуттук статистка комитетинин маалыматында ушул жылдын апрель айында медицина жана социалдык тейлөө тармагынын кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 20 миң 588 сомду түзгөн.

Кыргызстанда орточо айлык акынын көлөмү — 31 миң 261 сом.