“Акылман” президенттик лицейи эки айдан кийин иштеп баштайт

Президенттик «Акылман» лицейи эки айдан кийин иштеп баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министр учурда куруучулар ыкчам иштеп жатышкандыгын билдирди.


Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи» мекемеси түзүлгөн.

Президенттик лицейге 6-классты ийгиликтүү аяктаган окуучулар тапшыра алышат. Мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш ийип, педагогикалык _ кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттары каралат.

Лицейди түзүүнүн негизги максаты өзгөчө шыктуу балдарды окутуу, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу болуп саналат.