Иммунопрофилактика борборуна заманбап жабдуулар тапшырылды

ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен Республикалык иммунопрофилактика борборуна (РИБ) заманбап жабдуулардын жети комплекти берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жаңы жабдуу COVID-19 пандемиясы сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда координацияны жакшыртып, адистерди аралыктан окутуу үчүн бардык облустук борборлорду туташтырууга жардам берет.

 

Вакцинация жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянстын (ВИГА) CDS-2 долбоорунун алкагында берилген жабдуулардын жалпы наркы 2,5 млн сомдон ашык.