Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, мындай абал 10-июлга чейин сакталат. Буга туруксуз аба ырайы жана тоолордо жаан жаашы себеп.
Дарыяларда да суунун деңгээли жогорулашы күтүлүүдө. Жарандар сак болушу шарт.