Баткенде табылган археологиялык табылгалар изилдөө үчүн Европага жиберилет

Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Эске салсак, Баткен мамлекеттик университети жүргүзгөн археологиялык казууда I,VI кылымдарга таандык кумура, курдун тогосу, бычак, канжар сыяктуу буюм-тайымдар табылган.

 

Он беш адамдан турган археологиялык топ ушул жылдын 11-июнунан 22-июнуна чейин 10 күндүк казуу иштерин жүргүздү.