Гарри Поттердин сыйкырдуу таякчасы аукционго коюлат. Сатык Лондондо ноябрдын башында өтөт. Түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат. Жалпысынан бул күнү аукционго 1 миң 500 лот чыгарылат.
Алардын жалпы баасы 12 миллион доллардан ашат деп күтүлүүдө. Каалоочулар сатыктан кино жана сериалдар дүйнөсүндөгү каармандардын кызыктуу буюмдарын сатып ала алат.