Ош милициясынын алдыдагы майрамдарга карата даярдыгы текшерилди

Ош облустук ички иштер башкармалыгында жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анда милиция кызматкерлеринин 31-август — Эгемендүүлүк жана 1-сентябрь — Билим күнүнө карата облус аймагында өткөрүлүүчү салтанаттуу иш-чаралар учурунда өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгы текшерилди.

 

Аталган саптык кароодо ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилди.