Райондук маданият үйлөрүнө заманбап музыкалык жабдуулар сатылып алынат

Бюджеттен бөлүнгөн каражатка Кыргызстандагы 40 райондук маданият үйүнө заманбап музыкалык жабдуулар алынат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

«Мындай кадам аймактагы маданият үйлөрүнүн ишин жакшыртууга, жандуу үн менен ырдоого жана жогорку деңгээлдеги сапаттуу иш- чараларды өткөрүүгө өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.

 

Белгиленгендей, буга чейин мамлекеттин эсебинен бардык райондук маданият үйлөрүнө бирдей, сапаттуу музыкалык жабдууларды алууга каражат бөлүнгөн эмес.