Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктар берилди

Президент Садыр Жапаров 31-август — Эгемендик күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизинде жогорку даражадагы «Манас» ордени Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедра башчысы Сабырбек Жумабековго, кинорежиссер, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязга, академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевге берилди.

 

II жана III даражадагы «Манас» ордени берилгендер арасында Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, драматург Меңди Мамазаирова, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, альпинист Эдуард Кубатов, эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминов жана башкаларды көрүүгө болот.

Б.Н. Ельцин атындагы Славян университетинин профессору Нелли Ахунбаева «Курманжан Датка» ордени менен сыйланса, жазуучу, драматург Султан Раевге «Данакер» ордени берилди.

 

«Даңк» ордени 13 кишиге ыйгарылган. Арасында «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев, Жогорку Кеңештин төрага орун басары Нурбек Сыдыгалиев, президенттин кеңешчиси Марат Турсунбеков да бар. Куудул Абдылда Иманкулов баштаган артисттерге Эл артисти наамы ыйгарылган.

Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде өзү оппозицияда жүргөндө наам, орден-медалдардын берилишин сындаган билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ошол маалда сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей, тааныш-билиштер гана алганын, наамдар сатылганын айтып, азыр андай көрүнүш жоюлду деп ишендиргенге аракет кылган.