Ошто Садыр Жапаровдун катышуусунда Эгемендүүлүккө арналган бир катар иш-чаралар өтөт

Ош шаарында жана Ош облусунда өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө арналган бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Аларга президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

 

Анын билдирүүсүнө караганда, мамлекет башчысынын катышуусунда мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземи, Кыргыз Республикасынын Баатыры Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт.

 

Мындан тышкары, «Төлөйкөн» ипподромунда ат оюндары, ошондой эле башка маданий иш-чаралар өтөт.

 

Кечинде президент Жапаров өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө жана Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концертке барат.

Иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.