Бишкектин четинде жаңы стадион курулат. Объекттин курулушуна капсуланы президент Садыр Жапаров салды. Стадион Орок айылында жайгашып, 35 миң көрүүчүнү батыра алат.
Ошондой эле анда жабык VIP-бөлмөлөр, журналисттер үчүн атайын жайлар болот. Стадиондун жанында чоң парковка аймагы, өткөрүү пункттары, эки кабаттуу трибуна дагы каралган.