Ошто бир милиционер кармалып, үчөөнө издөө жарыяланды

Ошто уюшуп алып ири суммада пара талап кылган милиционерлер аныкталганын, алардын бири кармалып, үчөөнө издөө жарыяланганын бүгүн 29-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

 

Мекеменин маалыматына караганда, Ош шаардык милицясынын төрт ыкчам кызматкери Ош облусунун тургунун зордуктоого айыптап, кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, 400 миң сом талап кылышкан. 25-сентябрда бул акчанын алгачкы 100 миң сому берилип жаткан учурда ортомчу киши кармалган, ал аркылуу милиционерлердин бири колго түшүрүлгөн.

 

Кармалган милиция кызматкери атайын кызматтын тергөө абагына эки айга камакка алынды, калган үчөөнө 28-сентябрда соттун чечими менен камак чарасы сыртынан аныкталып, издөө жарыяланды.

 

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

 

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт.