Оштогу тергөө абагы талапка жооп бербейт

Омбудсмен Жамиля Жаманбаева Ош шаарындагы №5 тергөө абагынын (СИЗО-5) абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Акыйкатчы тергөө абагынын эскилиги жетип, бардык бөлмөлөрү ным экенине көңүл бурду. Жаманбаева түрмө жетекчилиги менен бул маселени талкуулады. “№5 тергөө абагы 1890-жылдары курулуп, анда Алымбек датканын… Кененирээк…

Нарын шаарында бажы кызматкерлерине мамлекет тарабынан курулган кызматтык үйлөр тапшырылды

Нарын шаарында бажы кызматкерлерине мамлекет тарабынан курулган кызматтык үйлөр тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка караганда, 4 кабаттуу 32 батирлүү турак үйдүн курулушу 2021-жылы башталган. Жалпы сметалык баасы 97 миллион сомду түздү.

Кыргызстандык рефери Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине катталды

Кыргызстандык рефери Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине катталды. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионаттарында тейлеген оюндарынын саны боюнча рекорд коюп, ушундай көрсөткүчкө жеткен алгачкы рефери болуп калды.   Анын эсебинде Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионаттары бар. Гиннес сертификаты 21-ноябрда тапшырылат.

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 11 чакырымы курулду

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 11 чакырымы курулду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу”  мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин дагы 4 чакырым салынып бүтөт.   Учурда курулушта 85 жумушчу жана 26 атайын техника иштеп жатат.   Эске салсак, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда “Күн булагы” күн электрстанциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу уланууда

Ысык-Көл облусунда “Күн булагы” күн электрстанциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу уланууда. novosti.kgге Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, техникалык-экономикалык негиздеме даяр, учурда атайын техника жеткирилүүдө.   Күтүлгөндөй, курулуш иштери жакынкы күндөрү старт алат. Эске салсак, күн электрстанциясы казакстандык компания менен биргеликте салынат.   Инвестициянын жалпы… Кененирээк…

Кыргызстанда ата мекендик ундан нан жасалып, сатыкка чыгарылды

Кыргызстанда ата мекендик ундан нан жасалып, сатыкка чыгарылды. Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, 1-сорттогу ундун сапаты импорттолгон азыктыкынан кем калбайт жана жабышчаактык деңгээли жакшы.   Ведомстводон белгилешкендей, кыргызстандык ун атайын лабораториялардын текшерүүсүнөн өттү.   Ал пайдалуу заттар менен байытылып, табигый минералдарга ээ.

Бишкекте митингдерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узарды

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Бүгүн 29-сентябрда Биринчи Май райондук соту райондук администрациянын тынч жыйындар өтчү жерлерди чектөө тууралуу арызын канааттандырган чечим чыгарды.   Райондук администрациянын 28-сентябрдагы чечиминде тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-октябрдан 31-декабрга чейин бир катар жерлерде тыюу салынары… Кененирээк…

Өзгөн районунун Алга айылында 150 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Өзгөн районунун Алга айылында 150 орундуу мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата мектептин курулуш жумуштары бүткөрүлдү.   Откананын, резервуардын, септиктин, тегерете тосмолордун жумуштары аягына чыкты, ошондой эле… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда малга тоют жетиштүү

Быйыл Кыргызстанда малга тоют жетиштүү. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин фракция жыйынында билдирди.   Чиновник өлкө боюнча 329 миң гектар жерде көп жылдык чөп өсөрүн айтты.   Белгилеп кетсек, 2020-жылы Кыргызстанда тоютту сыртка сатууга салынган тыюунун мөөнөтү быйыл дагы алты айга… Кененирээк…

Сот департаменти 99,3 млн сомго кызматтык унааларды сатып алат

Жогорку сотко караштуу Сот департаменти жеңил унааларды сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, унаалар сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү үчүн сатылып алынат.   Тендердин суммасы 99 млн 303 миң 750 сомду түзөт. Бул суммага бензин менен жүрүүчү 43 унаа жана 7 электромобиль… Кененирээк…