Бүгүн Бишкекте мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө

Бишкектин Ленин округу боюнча депутатты кайра шайлоодо 100дөн ашык киши сырттан добуш берет. БШК эскерткендей, ден соолугуна байланыштуу же башка себептер менен шайлоо участогуна келе албагандар мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу.

 

Алар бүгүн өз тандоосун жасап жатат.

 

Шайлоонун өзү эртең, жекшемби күнү болот.