Бүгүн өлкөдө Комуз күнү белгиленүүдө

Бүгүн өлкөдө Комуз күнү белгиленүүдө. Майрамдык иш-чаралар улуу композитор Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналат.

 

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара Кыргыз улуттук филармонияда өтүп, Карамолдо Орозов жөнүндө кыска метраждуу тасма көрсөтүлөт, көргөзмө уюштурулуп, салттуу музыканын концерти болот.