Чүй облусунун башкы архитектору жана Мамкурулуштун кызматкери кармалды

Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР мамлекеттик органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик курулуш агенттигинин борбордук аппаратынын өкүлүнө Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы (Аламүдүн районунун жана Чүй облусунун башкы архитектору) У.Н. жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери Ж.Т.ны мыйзамсыз бошотуу демилгесин көтөрүү үчүн 1,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалышты.

 

Аламүдүн районунун жана Чүй облусунун башкы архитектору У.Н. Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. аркылуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин А.А. аттуу жооптуу кызматкерине райондук башкармалыктын башкы бухгалтери Ж.Т.ны ээлеген кызматынан бошотуу үчүн мыйзамсыз аудиттик текшерүүнү жүргүзүп, каралоо жолу менен кызматтан алуу максатында кайрылган.

 

2023-жылдын 6-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында У.Н. жана К.Б. Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.