Каратечи Кымбат Тойтонова Азия оюндарында коло медаль алды

Кыргызстандын карате боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Кымбат Тойтонова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль тагынды.

 

Аталган мелдешке кыргыз спортчусу 61 кг салмак ченинде катышып, алгач кореялык атаандашын, андан соң бангладештик спортчуну жеңген. Ал эми чейрек финалда кытайлык спортчу менен кез келип, желүү ызасын тарткан.

 

Коло байге үчүн беттеште Тойтонова камбожалык атаандашын жеңип, 3-орунду ээледи.