Ош шаарында 4-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт.
Бул тууралуу Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынан билдиришти.
Мындай чечим 2-ноябрда кабыл алынган.
Жылуулук берилгенден кийин 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жылуулук жетет.