Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбуска жол кирени “Тулпар” картасы менен төлөгөндөр 2,5 айда 20 эсе көбөйдү

Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбуска жол кирени “Тулпар” картасы менен төлөгөндөр 2,5 айда 20 эсе көбөйдү. Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди.

 

Анын айтымында, накталай төлөмдү токтотуу талабы 20-августта коюлган. 19-августта жол кирени “Тулпар” менен төлөгөндөрдөн 10 миң сом түшкөн. 2-ноябрда 205 миң сом болду.

 

Электрондук төлөмгө өткөндөр, ошентип, 20 эсе көбөйдү. Белгилеп кетсек, мэрия 1-ноябрдан тарта карта менен   11 сом, ал эми накталай төлөсө 25 сом болот деп жарыялаган. Бирок бул пилоттук долбоор толук иштей элек.